Бир адамдан бир китеп биздин мектепте

“БИР АДАМДАН БИР КИТЕП”

Убакыт-өмүр. Кетирбе бош.

Бир секунд иши өмүрдөн оош.

Байлык деп жалаң санабай акча,

Китепке тагдыр, ырысың кош,

Китеп-бул накыл,

Китеп- бул акыл.

Китеп-бул асыл,

Китеп-бул дос…

Мекенибизде китеп окууну даңазалоо, руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу, шаар, регион, алыскы айылдарда китеп жетишсиздиги менен китепкана көйгөлөрүн чечүү  жана билимге инвестиция жасоо максатын көздөгөн “ Ыйман” фондунун алкагында уюшулган “Бир адамдан бир китеп” долбоору  20- апрелде Кочкор районунда биринчи жолу  биздин ата конушубуз Дөң-Алыш айылында старт алды.  Долбоорду айылыбыздын кулуну, мектебибиздин сыймыгы, КУУнун студенти Нурланова Нурайым жетектеп, мектеп парламентинин жардамы менен

1 ай аралыгында  1000 ден ашуун ар кандай тематикадагы, жапжаңы китептер чогултулду.18-май күнү бул долбоор менен биргеликте мектебибизде уюштурулуп жаткан  “Манас-Мурас” аталышындагы улуттук оюндар кабинетинин ачылышы болуп, жалпы китептер ушул жакка жайгаштырылды.

 Кабинеттин ачылышына Кыргыз республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, акын,жазуучу, дипломат жана кыргыздын чыгаан уулу   Нуржигит Кадырбеков, Кочкор районунун администрация башчысы, акимдин орун басары Нурлан Эшмукамбет уулу, Кочкор районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбеков жана орун басары Ишенбек Бекишов, жергиликтүү кеңештин төрагасы Эсекеев Рахат, демөөрчүлөр, райондогу жалпы мектептердин уюштуруучулары жана алдыңкы окуучулары, ардагер мугалимдер жана жалпы мектеп жамааты, мектеп окуучулары катышты. Андан соң Нуржигит Кадырбековдун “Азиянын арстаны” аталышындагы семинары болуп, Нуржигит агайга акимдин  АРДАК  ГРАМОТАСЫ  жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын  ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТЫ  тапшырылды. Бул сыймыктуу иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Нурбек Шарабидиновдун эмгеги жогору болгондугун адилеттүүлүк үчүн айтып коюш абзел.

Бир адамдан бир китеп биздин мектепте Бир адамдан бир китеп биздин мектепте

 

Бир адамдан бир китеп биздин мектепте Бир адамдан бир китеп биздин мектепте Бир адамдан бир китеп биздин мектепте