Мектеп жөнүндө

 

НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЭҢ МЫКТЫ МЕКТЕП-2019

«2019-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Нарын облустук усулдук билим берүү борбору менен биргеликте уюштурган «Жылдын мыкты мектеби-2019» облустук кароо-сынагында 1-орунду  камсыздап, «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКТЕБИ» номинациясынын ээси болгон.

Мектеп жөнүндө

Мектеп жөнүндө

 

Мектеп жөнүндө 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен

 

 

Мектеп жөнүндө 

Сыйлык тапшыруу аземи 

 

 

 

Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебинин тарыхы

Билимге үрөн сепкен туңгуч мектеп,

Эмгекке такшалдыруу жолун көздөп.

Балалык шаттуу ойдун башатысың,

Окуучуң сыймыктанат дайым эстеп…

Улуу турмушка тарбиялап, билим даамын  таттырган, илим суусу менен сугарган, адам кылып өстүргөн ак  Мектеп- бул,турмуштун, жашоонун устаканасы эмеспи.

1932- жылы Талаа- Булак айылында жалпы элдин күчү менен Талаа-Булак башталгыч мектеби салынып, кийин жети жылдык мектеп болуп ишке киришкен.1961-жылы сегиз жылдык кошумча мектеп салынган. М ектепте Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими,алгачкы кызыл мугалим  Абдразак Жалпатеков жана Социалисттик Эмгектин  Баатыры  Көкөбай Мамбеталиев эмгектенишкен. Бул мугалимдердин талыкпаган эмгеги, чыгармачыл ишмердүүлүгү, окуучуларга берген мыкты билими,татыктуу тарбиясынын аркасында алтын уябыз союзга таанымал мектептердин катарына кошулган. Көкөбай Мамбеталиев 1968- жылы 3-июлда Москвадан мугалимдердин бүткүл союздук  1- съездинде Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алат, Фрунзеден ошол кездеги Кыргыз Республикасынын 1-секретары Турдакун Усубалиев кабыл алып, үй берүүнү убада кылат. Бирок, Көкөбай Мамбеталиев үй алуудан баш тартып, ордуна мектеп салып берүүсүн өтүнөт,агайдын  зор эмгегинин натыйжасында 1974-жылы жаңы мектепти куруу иштери башталып, 1977-1978-окуу жылында ишке берилген. Эң өкүнүчтүүсү, 1976-жылы  Көкөбай агай  оорудан улам көз жумуп, жаңы мектепти көрбөй калганы болду. Кыргыз ССР Министрлер советинин чечими менен мектепке Көкөбай Мамбеталиевдин ысымы берилген.  Бул чечимди эл кубаныч менен колдоп, Көкөбай агайга ыраазычылыгын билгизип, талбас эмгегин  жогору баалашкан.

Кабинеттердин, залдын жабдылышы

Мектепте  спорт зал,  актовый зал, ашкана,жомок залы, Манас залы, Чыңгыз Айтматов кабинети, “Манас-мурас” кабинети, “Баба мурастары” залы,китепкана, информатика кабинети  жана 15 класс жайгашкан. Окуучулардын саламаттыгын сактоо,сапаттуу, терең билим берүү,интеллектуалдык деңгээли бийик, дүйнө таанымы кенен инсандарды таптап чыгуу  максатында  “Зоологиялык музей”, “ Көкөбай Мамбеталиевдин өздүк мемориалдык бөлмө музейи” жана жаңы курулган спорт,  футбол аянтчасы иш алып барат.

Ремонттун сапаты

Жарым кылымга жакын  мезгил аралыгында нечендеген шумкарларды таптап келе жаткан мектебибиз 2017-жылы “Региондорду жана аймактарды өнүктүрүү” жылына карата оңдоп-түздөө башталып, 2018-2019-окуу жылында 29млн.434000сомго толук  капиталдык ремонттон өттү жана 34млн.775000 сомго150 орундуу кошумча жаңы корпус салынып жатат.

МЕКТЕПКЕ ТАРТЫЛГАН ИНВЕСТИЦИЯЛАР

 Ушул эле  2018-2019-окуу жылында Россия- Кыргыз-Өзбек биргелешкен “ОсОО Семенной картофель” уюму тарабынан айылга айдалган картошкасын көрүү үчүн келген россиялык инвестор Сергей Лупехин мектеп директорунун суранычы менен мектепке келип, Зоологиялык музейди көрүп, таң бере суктанат, зор эмгекке баа берип, абдан  ыраазы болот жана мектеп менен кеңири таанышуу учурунда жараксыз абалга келип калган класс жабдыктарын көрүп, жардам берүүгө убада берип,натыйжада 1млн.300миң сомго Россиядан жасатып мугалимдер жана окуучулар үчүн 15 классты жабдый турган парта, стул, доска жана шкаф белек кылды.

Мектептин өз каражатына  2018-2019-окуу жылында 65миң сомго залдарга жалюзи жасалып, тагылды,андан сырткары  2019-жыл:  Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата, ошону менен катар окуучулардын коопсуздугун алдын алуу жана сактоо максатында  75миң  сомго 15 даанаа видео-көзөмөл орнотулду. Таланттуу окуучулар менен иш алып баруу максатында мектеп ар кандай конкурстарды, музыкалык оюн-зоокторду уюштурууда керектүү болгон

 

 

Мектеп жөнүндө

Мектептин фойеси

Мектеп жөнүндө  

Манас залы

 

Мектеп жөнүндө

 

Мектеп жөнүндө

Биринчи мугалимдер Абдразак Жалпетеков менен Көкөбай Мамбеталиев 

Мектеп жөнүндө

Жомок залы

 

Мектеп жөнүндө

Мектептин жаңы  салынган кошумча корпусу 

Мектеп жөнүндө

Мухаммедкалый Абылгазиев биздин мектепте

 

Мектеп жөнүндө

 

Мектеп жөнүндө

 

Мектеп жөнүндө

Окуучулар музейде

 

Мектеп жөнүндө Мектеп жөнүндө  

Мектеп жөнүндө  

Мектеп жөнүндө

1-класс

Мектеп жөнүндө Мектеп жөнүндө Мектеп жөнүндө Мектеп жөнүндө Сабак учурунда

 

Мектеп жөнүндө