Мектептин формасы

Окуучунун сырткы кѳрүнүшү

Окуучулардын сырткы кѳрүнүшүнѳ негизги талаптар

  • Тазалык, тыкандык.
  • Баардыгы үчүн кийимдин негизги стандарты: ишкердик стиль.
  • Сырткы кѳрүнүш коомдо кабыл алынган ишкердик стилдин нормаларына туура келиши керек жана туура эмес деталдарды камтыбаш керек.
  • Кыздардын узун чачтары ѳрүлгѳн, ал эми орто узундуктагы чачтары чач байлагыч менен жыйналган болуу керек.
  • Балдар жана ѳспүрүмдѳр убагында чачтарын тегиздетип туруулары керек (классикалык чач тегиздѳѳ).

1-класстан 11-класска чейинки мектептик  форманын толук сыпатталышы

Балдар жана ѳспүрүмдѳр үчүн:  кара костюм жана классикалык үлгүдѳгү шым, бир тондуу ак кѳйнѳк;

      Кыздар үчүн: кара пиджак, тизеден 5 смден ѳйдѳ болбогон классикалык үлгүдѳгү юбка же классикалык стилдеги шым, бир тондуу ак блузка.

Спорттук форма: Бардык  окуучулар дене тарбия сабагы үчүн спорттук форманы жана спорттук бут кийимди кийүүлѳрү керек.

Болбойт:  дене тарбия сабагынамектептик формада, джинсы жана спорттук эмес бут кийим менен катышууга.

Окуу учурунда тѳмѳнкү кийимдердин жана бут кийимдердин варианттарын кийүүгѳ уруксаат эмес:  

  • Терең кѳнүлдү бурдура турган кѳзгѳ комсоо адаттан тышкары бѳлүктѳр, жылтырак жиптер, ошондой эле ѳтѳ ачык ѳңдѳр кийимде жана бут кийимде болбошу керек;
  • Ар кандай ѳңдѳгү джинсы;
  • Ѳтѳ денеге чапталган, фигураны кѳрсѳткѳн юбка, шым жана лосиналар;
  • Далыны жана курсакты кѳрсѳткѳн ѳтѳ кыска блузкалар;
  • Мини-юбкалар ( тизеден 10см ѳйдѳ узундуктагы).
  • Декольтеси ачык блузкалар;
  • Ѳтѳ жука юбка менен блузкалар, ошондой эле жука курактары бар кийимдер;
  • Ич кийим жана джинсты стилиндеги кийимдер;
  • Ар кандай пулеверлер жана токулган кофталар;
  • Спорттук кийим (спорттук костюм жана анын бѳлүктѳрү), спорттук бут кийим;
  • Активдүү эс алуу үчүн кийимдер (кыска шым, майка, футболка ж.у.с.)

Уруксаат эмес.: адаттан тышкары чач  тегиздетүүлѳр, чачтарды ачык, табыгий эмес ѳңдѳргѳ боё.

Ачык макияжга уруксаат эмес: кирпиктерди, кѳздѳрдү эринди боегон жана ачык маникюр.

Кийимдин бѳлүгү катары  оор брошкаларды, чынжырларды, шакек, кулон, сѳйкѳ, шарф, жамынма, палантиндерди колдонууга уруксаат эмес.

Пирсинг, ошондой эле коомго туура келбеген формалдуу эмес жаштардын бирикмелеринин символикаларынын аксессуарларына уруксаат эмес.