Бир жумага бир китеп
Мектебибизди эң китепкөй мектепке айландыруу максатында уюштурулуп жаткан «Китепкөй мектеп» долбоорунун алкагында «Бир жумага бир китеп» китепти сүйүү жана аны окуу акциясы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебинде 27-апрелде старт алган.
▶️Китеп окуу акциясынын негизги максаты: Жашообузда китеп окуу кандай маанилүү экенин,окуган адам эч качан жерде калбасын түшүндүрүү жана убакытты туура колдонуп максаттарга бирге кадам таштоону үйрөтүү
Шарт боюнча китеп окууну каалаган окуучулар эртең менен саат 8ге келип 9га чейин атайын даярдалган программа менен убакыт өткөрүшөт:
+Көнүгүү жасоо
+Китеп окуу
+Команда аралык өнөр көргөзүү (ар күнү ар кайсы команда)
+Интеллектуалдык оюндар менен баш казанды толтуруу ошол эле учурда таттуулар менен аш казанды толтуруу ✨✨✨
?Китеп окуу 21-майга чейин окуу күндөрү мектептеги футболдук аянтчада уланат.
?Уюштуруучулар: президент жана анын командасы. Сиздерге ыраазычылык!
ОКУГАН МУУН-ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!
@k.mambetaliev_mektebi #көкөбаймамбеталиев
Комментарии