Мектептин тарыхы
1968-жылы Көкөбай Мамбеталиев Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алганда, Кыргызстан КПнын биринчи секретары Турдакун Усубалиев кабыл алып , мектеп салдырып берүүнү убада кылган . 1973-жылы мамлекеттин планына киргизилип, өкмөттөн акча бөлүнүп , ушул эле жылы мектепти куруу иштери башталган. 1977-1978-окуу жылында мектеп ишке берилди . 1977-1978- окуу жылында Совет министринин токтому менен Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектеп болду. Мектеп 400 орунга ылайыкталып салынган.